Чүй:Ала-Арча суусуна 21 жаштагы кыз чөгүп кетти

Кечээ,15-августа Аламүдүн районунун Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып,саат 18:20 аталган жарандын сөөгүн Ала-Арча суусунан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.