Чүй: Аламүдүн капчыгайындагы суудан 24 жаштагы жарандын сөөгүн алып чыгышты
Кечээ, 3-августта Аламудун районуна караштуу Кой-Таш айылы «Кой-Таш» эс алуу борборунун жанында 24 жаштагы бала сууга тушуп агып кетти деген маалымат түшкөн.
Мындан улам Аламудун райондук ӨКБнын №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу жана жооптуу офицер улук лейтенант А.Кожокеев саат 18:05те кырсык катталган жерге чыгып кетишкен.
Агымы шар “Аламүдүн” суусуна агып кеткен А.М. аттуу 24 жаштагы жигиттин сөөгүн саат 20:26да куткаруучулар алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.