Чүй: Алексеевка айылында жеке турак жай күйдү

ЧҮЙ: АЛЕКСЕЕВКА АЙЫЛЫНДА ЖЕКЕ ТУРАК ЖАЙ КҮЙДҮ
Жайыл районунун Алексеевка айылындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112кызматына түшкөн.
Мындан улам өрт кырсыгы катталган дарекке №22 ӨККБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 8:42де чектөөгө алынып, 9:44тө толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен үйдүн 70 чарчы метри күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.