Чүй: Батирдин ичинен аялдын сөөгү табылды

Кара-Балта шаарынын Т.Кожомбердиев көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батиринин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
‼️ ‼️Мындан улам Жайыл райондук №22 өрткө каршы бөлүмдүн куткаруучулары бекилип калган эшикти ачып беришкенде батирдин ичинен 87 жаштагы Ч.А. аттуу аялдын сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.