Чүй: Беловодск айылында кампадан өрт чыкты

ЧҮЙ: БЕЛОВОДСК АЙЫЛЫНДА КАМПАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ
Бүгүн, 23-декабрда таңгаа маал Москва районунуна караштуу Беловодский айылынын Шолохов көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк сактоочу кампадан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан улам өрт кырсыгы катталган аймакка Москва райондук №15 өрткө каршы бөлүмдөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо 04:45те чектөөгө алынып, 06:10до толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен кампанын ичиндеги боёк куюлган бочкалар, дизелдик кыймылдаткычтар (мотор) жана жыгач материал күйүп, жалпысынан 100 чарчы метр жер өрттөндү.
Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда, жабыркагандар жок
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
(Иллюстрациялык сүрөт колдонулду)