Чүй: Боомдо жол кайрадан эки тараптуу жабылды
Алдын ала түшкөн маалымат боюнча саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында 2 тилкеден сел суулары жүрүп, жолду кум-шагылга толтурган.
Учурда облустарды бириктирген жол эки тараптуу жабык. Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында КР ӨКМнин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат берилет.