Чүй: Дача-Прогесстеги үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бүгүн, 11-сентябрда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын Дача-Прогесс тилкесиндеги үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө Сокулук райондук №23 өрткө каршы бөлүктөн 2 бөлүм тартылган.
Такталган маалыматка ылайык тилсиз жоо саат 16:07де чектөөгө алынып, 18:31де толук өчүрүлгөн.
❗️❗️❗️Өрт кырсыгынын кесепетинен 1938-ж.т Р.Р. аттуу аял каза болгон.