Чүй: Эне тилим- менин дилим

ЧҮЙ: ЭНЕ ТИЛИМ-МЕНИН ДИЛИМ
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын шаар жана райондогу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө атайы иш чараларды өткөрүштү. “Эне тилим-менин дилим” темада салтанатты мектепте, маданий үйдө, китепканада жана башка жерлерде уюштурушту.
Аламүдүн райондук ӨКБнын кызматкерлери Ленин орто мектебинде ачык сабакка катышты. Ага ылайык мектептин кыргыз тил мугалими, адабий акын жазуучулар тууралуу дил баян окуп сабак өттү.
Кемин районунун адистери болсо райондогу маданият үйүндө улуттук кийимде сахналаштырылган постановка коюшту. Комуздун коштоосунда күү чертишип, уламыш, эпостордон үзүндү айтышты.
Чүй районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жалпы жамааты болсо борборлоштурулган китепканада кыргыз акын жазуучулардын чыгармалары менен таанышышты. Китепкана кызматкери болсо кыргыз жазмакерлеринин чыгармаларынан жана урунтуу окуялардан айтып беришти.
Иш-чаранын негизги максаты өлкөдө жашап жаткан ар бир улут эне тилин аздектеп сактап, урпактарга өткөрүп берүү менен бирге, мамлекеттик тилге болгон бийик урматоосун даңазалоо.