Чүй: кудуктан эки жаран куткарылды

11-январь күнү Сокулук районунун, Шопоков шаарында жайгашкан райондук оорукананын жанындагы канализациялык кудукта эки турак-жай-коммуналдык чарба ишканасынын (ТЖКЧ) кызматкерлери 48-жаштагы М.С. жана 55-жаштагы Ж.Ж. жарандар тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда ичине түшүп кетишке.

Жерине ыкчам түрдө №23 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды кудуктан чыгарышкан.

М.С. аттуу жаран тез жардам унаасы менен жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, ал эми экинчи жаран ооруканага баргандан баш тарткан.