Чүй: Куткаруучулар тоодо калып калган жаранды куткарышты

ЧҮЙ: КУТКАРУУЧУЛАР ТООДО КАЛЫП КАЛГАН ЖАРАНДЫ КУТКАРЫШТЫ
❗️12-март күнү Аламүдүн районунун, Ала-Арча капчыгайында РФ жараны 50 жаштагы И.В. аттуу аял киши, тоодон келе жатып бутун кокустатып түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
📌Жерине КР ӨКМдин №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогорудагы аталган аялды тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.