Чүй: Кышкы тоютка даярдалган 150 түк чөп өрттөндү

ЧҮЙ: КЫШКЫ ТОЮТКА ДАЯРДАЛГАН 150 ТҮК ЧӨП ӨРТТӨНДҮ
Кечээ, 20-декабрда Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылынын Молдобаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде короодо жыйылган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 14:57де Кемин райондук №5 өрткө каршы бөлүмдөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жыйылган чөптөн чыккан өрт саат 15:27де чектөөгө алынып, 16:24тө толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен тоютка даярдалган 150 түк чөп өрттөнгөн. Учурда өрттүн себептери такталууда.