Чүй: Кызыл-Туу айылындагы үйдөн өрт чыкты
Бүгүн, 11-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:15те Сокулук райондук №23 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, саат 15:44тө жогоруда аталган бөлүктөн кошумча 1 бөлүм тартылган.
Жалпысынан 2 бөлүм тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 16:07де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.