Чүй: Малчынын сөөгү табылды

Аламүдүн районунда 6-август күнү 37 жаштагы У.С. аттуу малчы мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес.
Жогоруда аталган жарандын кийимдери Октябрская жана Лубиная айылдарынын ортосунан агып өткөн Чу суусунун жээгинен табылган.
Бүгүн 9-августта жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:23тө куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.