Чүй:Москва районуна 400гө жакын жаран жайгаштырылды

Кыргыз -тажик куралдуу кагылышуусунан жабыркаган 400гө жакын жаран Чүйдүн Москва районуна караштуу кесиптик лицейлердин жатаканаларына жайгаштырылды. Алардын 149у энелер болсо, 248и жаш балдар.
Жайгаштырууну ӨКМдин Москва райондук бөлүмүнүн өздүк курамы көзөмөлдөп, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздалды.
Мындан сырткары аларга медициналык, психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө.