Чүй: Нефтебазада өрт-тактикалык машыгуу өттү
ЧҮЙ: НЕФТЕБАЗАДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Москва райондук ӨКБ тарабынан мерчемделген иш-планга ылайык, Москва районундагы ЖАК “РН-Кыргызнефтепродукт” жабык акционердик коомунда өрт-тактикалык машыгуу өкткөрүлдү.
Атайы сценарийге ылайык базадагы чоң цистернадан өрт чыгып, Москва райондук ӨКБдан 2 өздүк курам тартылган. Өрттүн көлөмү чоң жана башка цистрнага өтүп кетүү коркунучу болгондуктан, жардамга Сокулук райондук ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, Бишкектмн №5 ӨККБсынан автошаты, “Кыргызтемирол” мамлекеттик ишканасынан өрт өчүрүүчү поезд тартылды.
Ошондой эле КДМБдан авариялык-куткаруу унаасы, Москва райондук Жарандык коргонуунун медициналык кызматы, милиция кызматкерлери абалга көз салышты. Жарылуудан жабыркагандарды коопсуз жайга алып чыгышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жалынды көбүк менен өчүрүштү.
Соңунда кызматкерлерге өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама өткөрүлүп, өрт өчүрүүчү шаймандар менен тааныштырып, практикалык түрдө түшүндүрүштү.


