Чүй: Новопокровка айылындагы өрт өчүрүлдү

Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында Линейная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:11де Ысык-Ата райондук №27 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм тартылып, саат 13:42де чектөөгө алынган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында үйдөн чыккан өрт саат 14:34тө толук өчүрүлдү.
Бактыга жараша өрттөн жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.