Чүй: Облус аймагында Жарандык коргоо тутумунун жыл жыйынтыгы өткөрүлдү

ЧҮЙ: ОБЛУС АЙМАГЫНДА ЖАРАНДЫК КОРГОО ТУТУМУНУН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн ӨКМдин Чүй облустук башкармалылыгынын 2022-жылы аткарган ишмердүүлүгүгүн жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга мерчемделген тапшырмалар боюнча отурум болуп өттү.
Жыйынга Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гульмира Кыштобаева ӨКМдин Жарандык коргоо башкы баркармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Болот Шаршеналиев, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулу, башкармалыктын өздүк курамы жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы катышып, полковник Үсөн уулу Акжол жарандык коргонуу тутумунунун 2022-жылдагы ишери боюнча баяндама жасады. Анда облус аймагында бир жыл ичинде катталган өзгөчө кырдаалдардан тышкары өздүк курамдын аракети менен 1 адамдын өмүрүн, 679 миллион 415 миң сомдук материалдык баалуулуктар, 16 автоунаа жана 340 майда жандыктар сакталып калган.
2022-жылы КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамынын кесипкөйлүүлүгүн жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында 18 өрт-тактикалык машыгуу жана 39 өрт-тактикалык окутуу өткөрүлгөн.
Авариялык куткаруу автоунаасы менен Чүй облус боюнча 2022-жылы баардыгы 295 чыгуу болгон. Ар кандай жаратылыш кырсыктарына кабылган 12 жарандын өмүрү сакталып жана 71 адамдарга куткаруу кызматтары аркылуу куткаруу иштери жүргүзүлүп жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле 2023-жылы аткарыла турган мерчемделген пландар менен ой бөлүшүп, жайкы эс алууда сууга түшүүгө мүмкүн болбой турган көлмөлөргө эскертүү такталары, баннерлерди орнотуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталды.
Калктуу конуштарда суу гидранттарынын бузук экенине токтолуп, өрт өчүрүүчү унааларга суу толтурганда көйгөйлөр жаралып атканын белгилеп, бузук абалдагы гидранттарды оңдоп, керектүү жайларга дагы жаңы гидранттарды орнотуу зарыл экенин белгиледи.