Чүй: Россиялык туристтин сөөгүн ӨКМ куткаруучулары тоодон түшүрүштү

14-август күнү Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында “Учитель” чокусунан Россия Федерациясынын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-ж.т. Е.А. аттуу эркек киши кулап, каза болгон.
Жерине КР ӨКМнин КДМБнан (Эдельвейс куткаруучулар тобу) 6 куткаруучу тартылып, жогору аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ал эми экинчиси 1991-ж.т. Н.К. жабыр тарткан эмес.