Чүй: Өрт тактикалык машыгуусу өткөрүлдү

Бүгүн, 10-сентябрда КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери жана Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун сценарийинин негизинде өрт чыккан имараттын бөлмөлөрүнүн биринде бир жаран жаракат алып, имараттан чыга албай калган. Өрттү өчүрүү ошондой эле куткаруу ишине Ысык-Ата райондук өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн үч өрт өчүрүүчү бөлүм жана “103” тез жардамы тартылган.
Катталган өрт өчүрүлүп, жабыркаган жаранды куткаруу иши жүргүзүлдү.
Өрт-тактикалык машыгуунун негизги максаты, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу ошондой эле катталган тилсиз жоону өз убагында чектөөгө алып өчүрүүгө багытталат.