Чүй: өрттөн бир жаран каза болду

Аламүдүн  району, Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 09:07де Аламүдүн райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган, өрт саат 09:37де чектөөгө алынган, саат 09:43тө толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 85 жаштагы Л.И. атту эркек киши каза болгон.

Куткаруучулар жансыз денени чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Өрттүн жалпы аянты 1,5 ч.м. болгон үйдүн жыгач полу, бир даана эшик 2 даана төшөк күйгөн жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.