Чүй: Токмок шаарында лицей окуучуларына Ачык эшик күнү өткөрүлдү

ЧҮЙ: ТОКМОК ШААРЫНДА ЛИЦЕЙ ОКУУЧУЛАРЫНА АЧЫК ЭШИК КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмү Токмок шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз-түрк лицейинин жогорку класстын окуучуларына “Ачык эшик күнү” уюштурду.
Иш-чарага 150 окууучу, 4 мугалим катышты. Кызматкерлер окуучуларга бөлүмдүн ишмердүүлүгү, өрт өчүрүүчү жана куткаруучу автотехникалар жана жабдык, шаймандар менен таанышты.
ӨКМ кызматкерлери лицей окуучулары үчүн кызыктуу экскурсия уюштуруп, ишинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышты. Ошондой эле мектеп окуучуларына техника, шаймандардын үлгүлөрүн, мүмкүнчүлүктөрү жана тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу айтып берди.
Аягында мугалимдер, мектеп окуучулары жана катышуучулары кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдирип кетишти.