Чүй: Токмок шаарындагы “Газпром” ишканасында атайы машыгуу өттү
ЧҮЙ: ТОКМОК ШААРЫНДАГЫ “ГАЗПРОМ” ИШКАНАСЫНДА АТАЙЫ МАШЫГУУ ӨТТҮ
ӨКМдин Чүй облустук башкармалагынын Токмок шаардык бөлүмү жана “Газпром” ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте өрт коопсуздук эрежелери боюнча машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун жүрүшүндө өрт кырсыгы учурунда имараттагы жарандар эвакуацияланып, коопсуздук эрежелерин камтыган кечиктирилгис иш-аракеттер практикалык негизде көрсөтүлдү. Ошондой эле жер титирөө кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча окутуу болуп өттү.
Иш чарага Токмок шаардык ӨКБдан 1 “каМаЗ” үлгүсүндөгү унаа, 6 өрт өч куткаруучу жана газ тейлөө кызматынан 5 адис өз ыктыяры менен катышты.





