Чүй: Токмокто өрт коопсуздугун сактоону түшүндүрүштү

Чүй: ТОКМОКТО ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТООНУ ТҮШҮНДҮРҮШТҮ
Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнүн адистери милиция кызматкерлери менен биргеликте Жаңы жыл тосуу майрамынын алдында базарларда соодагерлерге өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иш чараларын өтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө пиротехникалык каражаттарды атайы кызматтардан уруксаты жок сатууга жана эл көп топтолгон жерде колдонууга болбой турганын эскертип, нускамаларды таратышты.
Ошондой эле базар жетекчилигине күн сайын көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.