Чүй: Тоодон түшө албай калган жарандар куткарылды

9-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын “Бөйрөк” тилкесинде, Бишкек шаарынын тургундары 35 жаштагы П.А. аттуу эркек жана 23 жаштагы Ж.К. аттуу аял жолдон адашып, түшө албай калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине  КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 ӨКБнүн  4 куткаруучусу тартылып, аталган тилкеден жарандарды түшүрүп беришкен.

Абалдары жакшы, жабыркаган эмес.