ЧҮЙ: Унаа тетиктерин сактоочу кампадан өрт чыкты
УНАА ТЕТИКТЕРИН САКТООЧУ КАМПАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ


Кырсыктын кесепетинен контейнерлерден курулган 3 кабаттуу кампа өрттөнгөн.
Аталган кампанын жалпы аянты болжол 450 чарчы метрди түзөт.
Жеринде абалды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов көзөмөлгө алды.
Жабыркаган жана каза болгондор жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


