Чүй: “Вилла В” ресторанынан өрт чыкты

ЧҮЙ: “ВИЛЛА В” РЕСТОРАНЫНАН ӨРТ ЧЫКТЫ
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан “Вилла В” ресторанынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 11:10дон тарта жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча 11:18де Штаб, 11:23 Биринчи май райондук АКӨБдан суу ташуучу унаа, 11:45те ККББнан атайын унаа менен Ыкчам топ тартылган.
Тилсиз жоо саат 12:05де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Маалыматка ылайык жабыркагандар жок.
Кошумча маалымат берилет.