Чүй: “Жаш куткаруучу” мелдеши өткөрүлдү

Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлык алкагында ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Чүй райондук ӨК бөлүмүнүн 24- өрткө каршы күрөшүү бөлүмү окуучулар үчүн иш-чара өткөрүштү.
Район аймагында жайгашкан Сайлык айылындагы Сооронбай уулу Дүр атындагы орто мектебинин окуучуларына жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу тууралуу куткаручуулар кеңири түшүндүрүштү.
Ошондой эле учурда иш-чаралар планынын негизинде”Жаш куткаруучу” жана коопсуздук жөнүндө сүрөт тартуу сыяктуу чакан мелдештер уюштурулду.