Чүй: Жетекчилерди даярдоо окуу борборунун студенттерине нускама өткөрүлдү

ЧҮЙ: ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ДАЯРДОО ОКУУ БОРБОРУНУН СТУДЕНТТЕРИНЕ НУСКАМА ӨТКӨРҮЛДҮ
Кечээ, 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуунун башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов “FHI” кайрымдуулук фондунун негизинде түзүлгөн окуу борбордун жетекчиси Ю Жон Хо, менеджерлер Ким Хенук, Мирбек Миназаров жана студенттер менен жолгушуп, коопсуздук эрежелерин сактоо, адам өмүрүн куткаруу тууралуу нускама өткөрдү.
Борбордун жетекчиси Ю Жон Хо Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолуккандыгын айтып өттү.
“Буга чейин ӨК министри Бообек Ажикеев менен жолугуштук. Ал бизге Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдүн түбүн торлордон, таштандылардан тазалап жатышкандыктарын жана куткаруучулардын Түркия мамлекетиндеги жер титирөөдөгү куткаруу иштерин жогорку деңгээлде аткарышкандыгын айтып берди. Мындан улам көлдү тазалап жаткандарга биз да жардам берели деген чечимге келдик”, – деди директор Ю Жон Хо.
Өз кезегинде полковник Алмазбек Асанов ӨКМ Корея мамлекетинин куткаруучулары менен биргеликте эки тараптуу тыгыз кыматташтык менен иш алып барышаарын билдирди.
Ал көлдү тазалоого бара турган студенттерге техногендик жана табигый кырсыктар катталганда адам өз өмүрүн кантип сакташ керек жана башкаларга кандай жардам көрсөтө аларын, жер титирегенде, кыйроолордо коопсуз жайларга эвакуациялоо тууралуу айтып берди. Мындан сырткары агын суулардын үстүңкү жана тереңдиктеги агымдарын айтып, адамга кандай зыян келтирерине, ал эми көл сезонунда сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана учурда көлгө түшүүгө болбой турганын студенттерге түшүндүрдү.
Нускама өтүүнүн соңунда студенттердин куткаруучулар тууралуу кызыккан суроолоруна жооп берип, кызыктуу баарлашуу өткөрүлдү.