Чүй: жол кырсыгынан бир адам каза болду

Бүгүн Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Пограничная жана Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишинде, “ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза таап, (учурда өздүгү такталууда) жана 22 жаштагы А.Э. аттуу эркек киши жабыркаган.

Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгаргандан соң, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жаран тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.