Чүйдөн Баткендиктерге жардам жолго чыкты
Баткен элине гуманитардык жардам Чүй облусу боюнча чогултулууда. Облус аймагында гуманитардык жардамды 12 пункт кабыл алууда.
Топтолгон азык-түлүк топтому, күнүмдүк жашоодо колдонула турган каражаттар жана кийим-кече 9 жүк ташуучу фурага жүктөлүп, Кара-Балта шаарынан Баткен облусуна сапарга аттанды.