Чүйдө турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
10.11.2022
ЧҮЙДӨ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Новопокровка айылында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 17:57де толугу менен өчүрүлдү. Такталган маалыматка ылайык тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө жерине саат 14:46да ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм тартылып, өрт саат 15:41де чектөөгө алынган. Тилсиз жоонун жалпы аянты 165 чарчы метрди түзөт.
Маалым болгондой бүгүн, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.



КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР