Чаткалда чоң кар көчкү түштү
12-мартта Чаткал районунун Жаны-Базар айылында саат 11:30дар чамасында 1млн м3 көлөмүндөгү кар көчкү 3 сарайды мал жандыктары менен кошо басып калган.
Кырсык катталган аймакта ӨКМдин
Чаткал райондук бөлүмүнүн жетекчиси башында турган 17 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматтарынан 17 кызматкер жана 2 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик трактор тартылган.
Бүгүн кар көчкүнүн астынан 97 баш кой, 3 жылкы жана Хонда Одиссей унаасы чыгарылды.
Такталган маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен айыл тургундарынын болжол менен 156 кой, 6 жылкы жана “Одиссей” үлгүсүндөгү жеңил унаа кар көчкү астында калган.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
13-март күнү мал жандыктарын кар астынан чыгаруу иши улантылат.