Чоң-Алай районунда окуучуларга өрт-тактикалык машыгуу өттү

18.11.2022
ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНУНДА ОКУУЧУЛАРГА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
КР ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай районунун Кашка-суу айыл өкмөтүнүн Ачы-Суу айылынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууга 357 окуучу жана 29 мугалимдер катышты.
Мындай иш-чаралардын негизги максаты –өрт чыккан учурда жарандарды эвакуациялоо жана өрттү өчүрүү боюнча билим берүү мекемесинин администрациясы менен өрт өчүрүү штабынын өз ара аракеттенүүсүн иштеп чыгуу, өрткө каршы бөлүмдөрүнүн күжүрмөн даярдыгын текшерүү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР