Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адам изделүүдө
ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН АДАМ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Ысык-Ата районунун Новопокровка айлына караштуу “Волна” тилкесинен 1-февралда Чоң Чүй Каналына 55 жаштагы В.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Бүгүн 4-февралда жерине издөө иштерин улантуу максатында Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 5, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4,жалпысынан 17 куткаруучу тартылган.
Эске салсак, чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн күндөн тарта Чүй облусунун райондоруна караштуу куткаруучулары, суучулдары издөө иштерин аткарышууда.