Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы И.Элебесов көчөсүнүн тушунда Чоң Чүй каналынын жээгинде 37 жаштагы И.Е. аттуу аял кишинин кийимдери табылган.

Бүгүн, 18-июнда Чоң Чүй каналынан жаранды издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана Аламүдүн райондук бөлүмүнөн 3, жалпы 7 куткаруучу тартылды.

Издөө иштери Чоң Чүй каналынын жээктери жана суу астында жүрүүдө.

Издөөнүн жыйынтыктары жөнүндө кошумча маалымат берилет.