Чоң Чүй каналынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

ЧОҢ ЧҮЙ КАНАЛЫНАН ИЗДЕЛИП ЖАТКАН ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
34 жаштагы жаран 19-январдан бери ЧЧКда изделип жаткан
Бүгүн Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында белгисиз жарандын сөөгү суу тосмосунда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып беришкен. Аталган жаран буга чейин ЧЧКда изделип жаткан 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек жаран экендиги аныкталды.
Эске салсак, жогорудагы аталган жаран 19-январдан бери ӨКМдин куткаруучу, суучулдары тарабынан Чоң Чүй каналынан изделип жаткан.