Чоң Кызыл-Суу суусунун 883м жээги бекемделип, 70тен ашуун турак үй коргоого алынды
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы “Чоң Кызыл-Суу” суусунун кооптуу деп аныкталган 883метр тилкесине дамба жана габион торчолору орнотулду. ӨКМдин Авариялык калыбына келтирүү иштеринин алкагында жүргөн иштин натыйжасында аймактагы 70тен ашуун турак жай, чарбалык курулуштар суу ташкынан коргоого алынды.
Бул иш ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлүп, аяктады.
Ошондой эле буга чейин дагы ӨКМ тарабынан сел жана суу ташкындарынан коргоо иштери Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон жана Жети-Өгүз айыл аймактарында дагы жүргүзүлүп, турак үйлөр корголгон.





