Чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды

Бүгүн 14-декабрь күнү Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын Эшбай көчөсүндө тереңдиги болжол менен 3 метр болгон чуңкурга мас абалындагы эркек киши түшүп кетти деген маалыматтын негизинде ӨККБ-27ден 3 куткаруучу саат 04:45де жерине чыгып, 05:00дө жетишти. Куткаруучулар чуңкурга түшүп кеткен жаранды чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.