Чүй: Жол кырсыгынын кесепетинен 9 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn жана Volvo үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 9 адам (6 аял, 2 эркек жана 1 бала) жеринде каза болгон. 1 адам жабыркаган (аты-жөнү такталууда).

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучудан турган топ тартылган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктөрдү унаалардан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабырлануучуга тез жардам бригадасы жеринде медициналык жардам көрсөткөн.