
МАМБЕТОВ АЗАМАТ МУРАТОВИЧ
1976-жылы 16-июлунда Нарын облусунун Нарын шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Улуту-кыргыз.
Билими;
1998-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин «инженер-гидромелиорация» адистиги боюнча аяктаган;
2007-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясын командалык-штабдык, ыкчам-тактикалык жарандык коргонуу адистиги боюнча аяктаган;
2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясынын адъюнктурасын аяктаган.
Адистиги:
инженер-мелиоратор, командалык – штабдык жана оперативдик- тактикалык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аларды жоюу боюнча эксперт.
Техника илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу
1997-1999-жж. – КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун Нарын ш. штабында жетектөөчү адиси;
1999-2000-жж. – Чүй облусунун Садовое айылындагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 81497 аскер бөлүгүнүн взводунун командири;
2000-2002-жж. – КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн взводунун командири;
2002-2003-жж. – КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүнүн штаб башчысынын жардамчысы;
2003-2005-жж. – КР ӨКМНин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүндө штаб башчысы;
2005-2007-жж. – Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясында угуучу;
2007-2010-жж. – Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясында адъюнкт;
2010-2011-жж. – КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери;
2011-2012-жж. – КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы;
2012 ж. 1-сентябрынан 2012 ж. 21-декабрына – КР ӨКМнин Ыкчам башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2012-2014-жж. – КР ӨКМнин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
2014-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары;
2017-жылдын 27-октябрынан 2021-жылдын 11-ноябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
2021-жылдын 3-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары.
Куралдуу кагылышууларга жана тынчтыкты орнотуу операцияларына катышуу
1999-2000 жж. – Баткен облусунда чет элдик бандаларды жок кылууга активдүү катышкан;
2012-жылы Сирия Араб Республикасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча БУУнун тынчтык орнотуу миссиясын аткарган.
Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар
2000-жылы – чет элдик бандаларды жок кылууга согуштук аракеттерде көрсөткөн эрдиги үчүн III даражадагы “Манас” ордени;
2009-жылы – ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн» III даражадагы медалы;
2009-жылы – ӨКМдин “Аскердик-жарандык кызматташтык үчүн” медалы;
2011-жылы – ӨКМдин “Аскердик кызматтагы айырмачылыгы үчүн” медалы;
2012-жылы – “БУУнун миссиясында аскердик байкоочу катары милдеттерин аткаргандыгы үчүн” медалы;
2013- жылы – ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн» II даражадагы медалы;
2013-жылы – “Ата Мекенден тышкары кызматтык милдетин аткаргандыгы үчүн” Ооган ардагерлер Россиялык союзунун медалы.