Cууга түшүп кеткен жаран куткарылды

16-декабрь күнү саат 21:38 чамасында Ленин районунун Чүй проспектиси менен Чкалов көчөсүнүн кесилишинде Ала-Арча суусуна 1957-ж.т. С.А. аттуу эркек киши кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылып, аталган жаранды суудан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.