Дүйнөлүк банктын техникалык миссиясынын алкагында адистештирилген flow-r программасын изилдөө боюнча КР ӨКМнин адистери үчүн окутуулар өттүүдө

2022-жылдын 1-июнунан 6-июнуна чейин Ош шаарында КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери үчүн сел жүрүүлөрдүн, уроолордун жана жер көчкүлөрдүн кыймылын көзөмөлдөө боюнча окуу өткөрүлөт.

Тренингдин максаты – КР ӨКМине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг, божомолдоо департаментинин адистеринин инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдүн деталдык пландарын иштеп чыгуу жана пайдалануу менен жер көчкүлөрдү изилдөө боюнча квалификациясын жогорулатуу. Flow- R программасын колдонуу менен кооптуу аймактарда сценарийдин мүмкүн болгон өнүгүүсүн куруу жана 3D талдоо үчүн изилдөөгө болот.  Программа авариялык абалга алып келүүчү селдердин, жер көчкүлөрдүн жана уроолордун кесепеттерин болтурбоо же жоюу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында гравитациялык процесстерге баа берүүгө жана алардын пайда болушунун шарттарын, факторлорун жана өбөлгөлөрүн комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Программалык камсыздоо КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин ишине Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган ERIK долбоорунун колдоосу менен киргизилүүдө. Тренерлер Дүйнөлүк Банктын консультанттары Эрик Бардоу, Левент Гердан жана Программанын түз иштеп чыгуучулары болгон Швейцариянын Лозанна техникалык университетинин өкүлдөрү.

Миссиянын ишине КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакиев жана башкармалыктын негизги адистери активдүү катышууда.

Ошондой эле миссиянын практикалык бөлүгү катары бул аймактардын санариптик рельефтик моделин андан ары куруу үчүн Кыргызстандын түштүк аймагындагы жер көчкү процесстеринин өнүгүү аймактарына чыгуу каралган.