Дайынсыз болуп жаткан 4 жаран тик учак менен Баткенге алынды

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды.
Чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, арасында бекинип жатышкан.
Табылган 4 ак-сайлыктардын арасында кары адам болгондуктан да жарандарды тик учак менен Баткенге алып келишкен.