Дарыгерлер Адил Молдоевдин абалын жеринен көрүп, көзөмөлгө алууда

ДАРЫГЕРЛЕР АДИЛ МОЛДОЕВДИН АБАЛЫН ЖЕРИНЕН КӨРҮП, КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке тапшырмасы менен 13-декабрга караган түнү, саат 03:10до Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталынан нейрохирург адиси Дөөлөс Муратов, анестезиолог-реаниматолог Расул Мирзараимов жана министрликтин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө келишти.
Дарыгерлер бейтаптын абалын жеринен көрүп, учурда көзөмөлгө алууда.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоев кан басымы жогорулап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жалал-Абад облусундагы Каракөл шаардык ооруканасына 11-декабрда болжол менен 18:30да түшкөн.
Каракөл шаардык ооруканасынын дарыгери Сүйүналы Ыманкуловдун айтымында, бейтапты Бишкек шаарындагы атайын ооруканага алып келүүгө жана жол жүрүүгө убактылуу болбойт. Анткени, анын абалы кескин түрдө начарлап кетиши мүмкүн. Азыркы учурда дарттын болжолдуу аныктамасы – мээдеги кан айлануунун курч мүнөздө начарлоосу жана кан басымынын жогорку көрсөткүчтө кармалышы. Ошондой эле дартка так аныктама берүү үчүн инструменталдык изилдөө (МРТ, КТ) жана медициналык атайын адистердин корутундусун жасоо зарыл экендигин билдирген
Мындан улам 12-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте бейтап Адиль Молдоевдин абалын жеринде көрүү жана дартына так аныктама берүү үчүн адистештирилген дарыгерлер жерине жөнөп кетишкен.
Бейтаптын абалы тууралуу кошумча маалымат берилет.