“Эдельвейс” кошууну Чуңкурчакта машыгышты
“ЭДЕЛЬВЕЙС” КОШУУНУ ЧУҢКУРЧАКТА МАШЫГЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” куткаруу кошууну 2023-жылдын 19-майынан 21-майына чейин Чуңкурчак капчыгайында машыгышты.
Кошуун тоо даярдыгы боюнча тажрыйбалык сабактарды өтүп,, бийик тоого туура чыгуу, адам өмүрүн сактап калуу, бийиктикте кырсыкка учураган жарандарды жерге алып түшүү эрежелерин үйрөнүштү.
Эскерте кетсек, “Эдельвейс” куткаруу кошууну 2022-жылдын 8-июлунда түзүлүп, кыска аралыкта издеп-куткаруу иштерине катышып, бир катар ийгиликтерди жаратышты.




