“Эдельвейс” тоодо куткаруу кошуунунун мекемеси ачылды

“ЭДЕЛЬВЕЙС” ТООДО КУТКАРУУ КОШУУНУНУН МЕКЕМЕСИ АЧЫЛДЫ
26-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, “Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин” жетекчиси Уулкан Байгубатова менен биргеликте КДМБнын башчысы Ырысбек Жолдошбаев “Эдельвейс” тоодон куткаруу тобунун мекемесин салтанаттуу түрдө ачышты.
КДМБнын өздүк курамынын күчү менен имаратка капиталдык оңдоолорду жасалган. Учурда аталган тоо куткаруучулар тобу тиешелүү шаймандар, керектүү жабдыктар менен жабдылып, жардам берүүгө даяр.
КДМБнын жетекчиси Ырысбек Жолдошбаев кошуунду даярдоодо бир катар алгылыктуу иштердин жүрүп жаткандыгына токтолду.
“ӨКМ министри Бообек Ажибековдун демилгеси менен “Эдельвейс” тоодон куткаруу тобу түзүлгөн. Тоодон куткаруу кошууну 24 куткаруучудан турат. Кошуун тоодон куткарууга ылайыкталган унаа менен жабдылып, “Кызыл ай коому” аркылуу он куткаруучуга тоодо кийилүүчү жылуу кийимдердин комплектсин алдык. ӨКМдин алдындагы “Эдельвейс” куткаруучулардан турган спецназ куткаруу иштерине даяр турат”, – деди Ырысбек Жолдошбаев.
Анын айтымында, Кыргызстандын тоолоруна альпинисттер, туристтер келип кырсыкка кабылып калса, тоо куткаруучуларынын кошууну куткаруу иштерин аткарат. Алардын курамында фельдшер, байланышчылар, альпинисттер, айдоочулар бар.