“Эдельвейстин” куткаруучулары тоодо жүрүү ыкмаларын үйрөнүшөт

“ЭДЕЛЬВЕЙСТИН” КУТКАРУУЧУЛАРЫ ТООДО ЖҮРҮҮ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШӨТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 86123 аскер бөлүгүнүн Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда кошуун тоодо өзүн алып жүрүүгө даярдоо үчүн атайын окутуудан өтүп жатышат. Тактап айтканда, өткөн жылы борбордо ачылган “Эдельвейс” тоодон куткаруучулар кошуунунун быйылкы жылга карата түзүлгөн мерчеминин негизинде 25-январдан тарта Аламүдүн районуна караштуу “Кашка-Суу” лыжа базасында куткаруучулар тобу машыгуудан өтүшүүдө.
Окутуунун, тажрыйбадан өткөрүүнүн негизги максаты – бийик тоолордо адашкан, кырсыктаган адамдарга жардам берүү учурунда куткаруучулар ак кар, көк музда өзүн алып жүрүүгө, ар кандай бийиктиктерге жүрүш жасоого, тоодон издеп куткаруу иштерине ыңгайлашуу. Алар тоо шартында уюштурулган окутуунун алкагында карда жүрө турган техникаларды колдонууну жана лыжа тебүүнү үйрөнүшөт.
Мындан сырткары “Эдельвейстин” куткаруучулары тоо шартындагы окутуу мезгилинде спорт менен машыгып, таза абада ден соолуктарын чыңдай алышат.