Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы: Майрамга карата ӨКМ кызматкерлери сыйланышты

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.
Күжүрмөн даярдыкта жогорку жетишкендиктери үчүн, кызматтык милдеттерин кынтыксыз жана ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн КР ӨКМнин Борбордук аппаратынын жана облустук башкармалыктарынын кызматкерлери министрликтин ар кандай алкыш баракчалары жана төш белгилери менен сыйланышты.
Сыйлыктарды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов тапшырып, бардык кызматкерлерди келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.