Эки тараптуу кызматташуунун алкагында экология маселелери талкууланды

ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУНУН АЛКАГЫНДА ЭКОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Кечээ, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү – Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүнун экологиясы, жаратылыш ресурстары жана “көгүлтүр” экономика чөйрөсүндөгү Глобалдык практика департаментинин башчысы Ксения Львовскини, климаттын өзгөрүүлөрү боюнча башкы адис Киртан Сахуну, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис Джиюн Кристинаны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Мамбетов табияттын кооптуу өзгөрүүлөрүн алдын ала билдирүү жана көзөмөл жүргүзүү, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, коомчулукка аба ырайындагы өзгөрүүлөрдү алдын-ала эскертүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү экендигине токтолду.
“2014-жылдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Жашыл долбоор” алкагында жылына 140 миң жаш көчөт жана 200 килограммдан ашуун тамыры тереңге кетүүчү өсүмдүктөрдү отургузууну колго алган. Жашылдандыруунун эң негизги максаты – жердин көчүп кетүү коркунучтуулугу бар кооптуу аймактарды, дарыялардын, суу жээктерин бекемдөө. Жергиликтүү бийликтегилер менен биргеликте ӨКМ жашылдандыруу, жер катмарын бекемдөө иштерин жылда жаз айларында жүргүзөт. Жашылдандарган аймактардын көпчүлүгү айылдарга тиешелүү болуп, ар кандай факторлордон улам көчөттөрдүн өсүмдүүлүгү 50%га кыскарган”, – деди өз сөзүндө Азамат Мамбетов. Анын айтымында, ӨКМдин Гидрометеорология кызматынын табият өзгөрүүлөрү боюнча алдын ала коомчулукка билдирген маалыматы 90% дал келет. Негизинен элге так маалымат берүүнү камсыздоо үчүн автоматикалык метеостанцияларды көбөйтүү каралууда.
Жолгушуунун жүрүшүндө катышуучулар Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен биргеликте “Жашыл Борбордук Азия” долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүүлөрү, абаны тазартуу жана башка экологияга байланышкан маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле министрлик сунуштаган «Кыргыз Республикасындагы мөңгүлөрдүн учурдагы абалына жана суу ресурстарына тийгизген таасирине баа берүү» жана «Кыргыз Республикасындагы сел жана суу ташкындарына жергиликтүү жамааттардын климатка туруктуулугун жогорулатуу» долбоорлорун түзүүнү талкуулашты.
Мындан сырткары Борбордук Азиядагы RESILAND аймактык программасынын абанын сапатын жакшыртуу долбоорун өлкөбүздө ишке ашырууга КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызыкдар жана өтө маанилүү экендигин Азамат Мамбетов баса белгилеп, алдыдагы эки тараптуу кызматташууга ыраазычылыгын билдирди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Увеличьте охват с помощью этой публикации
Вы сможете охватить ещё до 2 236 чел. в день, продвигая вашу публикацию за 14 $.

Статистика и объявления
Продвигать публикацию
9
Поделились: 2
Нравится

Комментировать
Поделиться