Эл аралык “өрт-куткаруу спорту” боюнча чемпионатка кызуу даярдык башталды
КР ӨКМнин атайын түзүлгөн командасы Эл аралык “Өрт-куткаруу спорту” боюнча чемпионатка жогорку деңгээлде даярданууну баштады.
Учурда атайын машыктыруу жайында белгиленген тартип менен машыгуу өткөрүлүп жатат.
Чемпионатка министрликтен курама команда тандоо турунан өткөрүлүп, 1 башкы машыктыруучу 2 жардамчы машыктыруучу жана 10 спортчу болуп түзүлдү.
Аталган эл аралык чемпионат 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтөт.